Биз жөнүндө
Биз — Борбордук Азияда аялдар, жаштар жана башка негизги калк топтору арасында тоо спортун өнүктүрүп жаткан биринчи уюмбуз.
Биздин команда, катышуучуларыбыз тоого чыгуу, альпинизм жана биргелешкен экспедициялар аркылуу күч, чыдамкайлык жана өзүнө ишенимди өнүктүрө алган, эч кимди айыптабаган, коопсуз жана баарын кабыл алган мейкиндик түзүүгө умтулат.
Биз кимбиз
Биздин максаттарыбыз:
- Феминисттик чыгуулар жана экспедицияларды ишке ашыруу;
- Ар кандай даярдык деңгээлиндеги адамдар үчүн тоо жана альпинизм жүрүштөрүн уюштуруу жана өткөрүү;
- Тоолор жана жаратылышты коргоого байланышкан изилдөө, социалдык жана искусство долбоорлорун жүргүзүү;
- Биздин коомчулук арасында тоо спортун, ден соолукка пайдалуу жашоо мүнөзүн жана жаратылышты коргоону илгерилетүү;
- Бирикменин атынан долбоорлордун катышуучуларынын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын көрсөтүү.